7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Кербен аба каттамы ачылды

312

Asman Airlines авиакомпаниясы Кербен шаарына алгачкы коммерциялык каттамын ийгиликтүү аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, учуу убактысы 35 мүнөткө созулду. Авиабилеттин баасы 3600 сомдон башталат.

«Жүргүнчүлөргө Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун «Кербен» аймактык аэропортуна тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми Бишкек – Кербен – Бишкек багыты боюнча каттамдар ар ишемби сайын аткарылат. Билеттерди расмий asmanairlines.kg веб сайтынан жана «Asman Airlines» мобилдик тиркемесинен сатып алсаңыздар болот», — деп белгиледи ал.

313