Бишкек шаардык мэриясы коомдук тарнспорттогу жол акыны жогорулатуу долбоорун коомдук талкууга койду. Анда үч вариант сунушталат.
- Баарын учурдагы баалар менен калтыруу.
- Муниципалдык коомдук транспорттордо 11 сом, жеке фирманын автобустарында 15 сом.
- Автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке компаниялардын кичи автобустары – 19 сом.
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, учурда күн сайын 1,5 миңдей маршруттук такси, 100гө чукул автобус жана 120дай троллейбус каттамга чыгат. Бул жашоочулары 1,5 миллионго чукулдап калган калаанын жүргүнчүлөрүн үзгүлтүксүз тейлөөгө жетишпей жатат.
Быйыл жыл башынан бери маршруттук унаанын айдоочулары жол киренин тарифин көтөрүүнү талап кылып, бир нече ирет кайрылып, иш таштоого чейин барган.