7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

IT-ишканаларынын жетекчилери эмне үчүн иштен алынгандыгы айтылды

460

«Мамлекеттик компаниянын натыйжасыз башкаруусунан улам, төрт IT-ишканасынын жетекчилери кызматтарынан бошотулду», — деди бүгүн өкмөттүн аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков.

Анын айтымында, ишканалар үч жыл мурун түзүлгөн. Ушул убакыт аралыгында аларды камсыздоо үчүн мамлекеттен каражаттар бөлүнгөн. Бирок ушул кезге чейин бир дагы компания киреше алып келе алган жок. Бул натыйжасыз башкаруу деп эсептелинет.

«Мамлекеттик ишкана акча табышы керек жана өзүнүн кызматкерлерин камсыздай алышы керек. Ал эми МИ түшкөн кирешенин 50 пайызын бюджетке которушу керек. Бүгүнкү күндө төрт ишкана тең дотацияда отурушат. Биз муну натыйжасыз башкаруу деп эсептейбиз. Ишканалар саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы сыяктуу маалыматтык тутумдарды жазуу менен алектенип, «Түндүк» брендинин астында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун жүргүзүп келишкен» , — дейт ал.

«Мындай компаниялар кызмат көрсөтүү үчүн ишкерлерге программаларды жазып, аларды маалыматтык технологиялар рыногунда сатуу менен акча таба алышат. Бирок ал дагы, бул дагы аткарылган жок. Үч жыл ичинде алар республикалык бюджеттен каржыланып, менимче бири дагы өзүлөрү акча табууга аракет кылышкан жок. Быйыл ошондой эле бул мамлекеттик ишканаларды техникалык тейлөө үчүн болжол менен 150 миллион сом сурашты. Ошол эле учурда ар биринин штаттык саны 25-30 адамдан кем эмес. Алардын ичинен алты-жетиден ашыгы программист адиси эмес, калгандары административдик кызматкерлер”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Эскерте кетсек, буга чейин 5 мамлекеттик ишкананын директорлору кызматтан алынган.

 

Өлкөдө беш мамлекеттик IT-ишкананын директорлору кызматтан кетти

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461