7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри автобекеттерди кыдырды

339

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте автобекеттердин аймагындагы иштердин жүрүшүн текшерди.

Алгач калаа башчысы Нарын жана Ысык-Көл облустарына кетчү каттамдарды тейлеген Бишкек автобекетине барды.

Автобекет Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашып, анда бардык шарттар түзүлгөн. Алсак, күтүү залында туристтер жана айдоочулар үчүн заманбап эс алуу жайлары, коомдук даараткана, жууну жайы, автобекеттин аймагында тез тамактануучу пункттар орнотулган. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү электромобилдер менен ташуу уюштурулган.

Мэр текшерүүнүн жүрүшүндө Свердлов районунун акимине аталган автобекеттин ишин өзгөчө жана күнүмдүк көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Айбек Жунушалиев мыйзамсыз көмүр сатуучу жайларды жана башка уруксатсыз орнотулган объекттерди алуу керектигин айтты.

Андан ары калаа башчысы Ош-Баткен-Жалал-Абад-Таласка кетчү каттамдарды тейлеген убактылуу иштеп жаткан батыш автобекетинде болду. Автобекет «Аккула» ипподромунун жанында жайгашкан. Бекеттин аймагы жарыктандырылып, диспетчердик жана касса үчүн жай орнотулду.

 

 

 

 

340