Мушкер жана жалгыз бой ата Эмил Кожоевге үч бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында маданияттын эмгек сиңирген ишмери Ассоль Молдакматова билдирди.
Анын айтымында, Эмил Кожоев турмуштук оор абалы тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына баяндап жазгандан соң, Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлев жардам берерин билдирген.
Эмил Кожоев өзү жалгыз төрт баланы тарбиялап жатканы белгилүү. Үй-бүлө буга чейин ижарага батир алып баш калкалап келген.
«Көп өтпөй Умар Назаровичтин командасы мага байланышка чыкты. Бир ай бою биз 50гө жакын батирди карап чыктык. Биз күткөн күн келип, кечээ эртең менен Москвадан Умар Назаровичтин командасынын өкүлдөрү учуп келишти. Алар менен чогуу шаардын борборунан үч бөлмөлүү батир сатып алып, жалгыз бой атага каттаттык. Бир нече сааттын ичинде батир кооз эмеректер менен жабдылды. Ошондой эле камкор кыргызстандыктар балдарга тиричилик техникаларын, килемдерди, кийим-кечелерди жана бут кийимдерди белекке беришти” , — деди Молдокматова.
Ошондой эле мушкер Эмил Кожоев күтүлбөгөн белек үчүн колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирди.
«Мен дагы деле ишенбей турам, бизге Бишкектин так ортосунан үч бөлмөлүү пентхаус белекке берилет деп таптакыр күткөн эмесмин. Балдарым азыр шок абалда. Мен өзүм түнү бою уктаган жокмун, сөз жок. Ушундай колдоо жана белек үчүн Умар Кремлевго жана Ассоль Молдакматовага жана колдоо көрсөткөн башка адамдарга чоң рахмат», — деди мушкер.
Молдокматова эл аралык бокс ассоциациясынын президентине Чыңгыз Айтматов атындагы медалды жана эл аралык дипломатия Шериктештигинин «Султан Бейбарс» медалын тапшыруу пландалып жатканын белгиледи.