Мындан ары Бишкектин көчөлөрүндөгү карды ээритүүдө кум чачылбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чечим шаардын экологиясына жана тазалыгына кам көрүү максатында кабыл алынды. Анткени кум менен кар аралашканда жолдор булганат.
“Эми шаарды кирдетпеш үчүн кум чачылбайт. Биз эми жолдордогу карды ээритүүдө тузду гана колдонобуз”, — деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин калаа башчысы өткөн жуманын аягында жааган кардан улам, шаар тургундарынын жолдордун тазаланбай жатканы боюнча соцтармактардагы сын-пикирлерине жооп берген. Анда ал тазалоо иштеринин да өзүнүн ыкмалары бар экенин айткан.



