7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри шаардын үстүнөн тик учак менен кыдырды

301

3-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, башкы архитектор Урмат Карыбаев жана эл аралык «Nikken Sekkei» архитектуралык-шаар куруу компаниясынын өкүлдөрү  шаарды үстүнөн кыдырды.

Бул рейс шаардын жаңы башкы  планын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруудагы алгачкы кадам болду.

Шаар куруу жана урбанистика тармагында дүйнөлүк тажрыйбасы бар Nikken Sekkei шаарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгуу үчүн аналитикалык документти иштеп чыгууга киришүүдө. Пландын негизги максаты экологиялык, социалдык жана экономикалык аспектилерди эске алуу менен борбордун туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Учуу учурунда текшерүүнүн катышуучулары шаардын негизги объектилерине, транспорттук инфраструктурага, жашыл аймактарга жана жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында өнүктүрүүнүн келечектүү аймактарына өзгөчө көңүл бурушту.

Планды иштеп чыгууда алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана инновациялык чечимдерди эске алуу менен комплекстүү мамиле колдонулаарын баса белгилешти.

Бишкек шаарынын башкы архитектору У.Карыбаев алдыдагы иштер шаардын учурдагы көйгөйлөрүн чечип тим болбостон, анын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө пайдубал түзөрүн, жашоочулардын туруктуулугуна жана ыңгайлуулугуна көңүл бурарын баса белгиледи.

 

302