7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын желегинин өрттөлүшүнө байланыштуу Муфтият элге кайрылу жасады

322

Сузактагы Кыргызстандын желегинин өрттөлүшүнө байланыштуу Муфтият элге кайрылуу жасап, тууну аздектөөгө чакырды.

“Кыргызстандай ажайып кооз, табияты таза, абасы тунук жана 90 пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, жашоо кечирип келебиз”.  Мамлекетибиздин эркиндиги, динибиздин эркиндиги Алланын чоң жакшылыгы, белеги. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” демекчи, кылымдарды карыткан кыргыз эли нечен кыйынчылык, оор мезгилдерди башынан кечирген. Даанышман элибиз башына мүшкүл иш түшкөндө бир муштумга биригип, ар кандай кыйынчылыктарга туруштук берип келген. Андыктан ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ынтымакта, биримдикте, достукта өмүр сүрүүбүз кажет.

Урматтуу кыргыз элим! Мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динде эркин жашап жатабыз. Бул эгемен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү, динибиздин туура жайылуусу. Диний баалууктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу.

Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү”,-деп берилет кайрылууда.

Буга чейин, 30-майга караган түнү белгисиз адамдар Сузак районундагы эки мектепте Кыргызстандын илинип турган желегин алып, өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кетишкен. Ушундай эле нерсе айыл өкмөттүн кире беришиндеги дарбазага дагы илинген. Ал эми 31-майда УКМК Сузак районунан тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун 6 мүчөсүн кармаган. Бирок таратылган маалыматта алардын желекке байланыштуу окуяга тиешеси бар же жогу учурда белгисиз.

 

323