7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте банктан 8 миллион сом уурдагандар кармалды

399

Бишкекте банктан 8 млн сомдон ашуун каражатты уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

2-июнда банктардын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Натыйжада банкка жалпы суммасы 8 млн 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факт Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери экени жана ал жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды.

Ошондой эле учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогу тактоо боюнча. тергөө иштери уланууда.

 

400