7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэринин эл менен жолугушуусу жемишин бере баштады

621
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев өткөн жумадан тартып эл менен түз жолугушууларга барып баштаган. Бүгүн, 27-сентябрь мэриянын басма сөз кызматы, жолугушуунун жыйынтыгын жарыялады.
Калаа башчы Биринчи май районунун тургундары менен жолукканда, жергиликтүүлөр «Тынчтык» конушуна коомдук транспорттун аз болуп жаткандыгын айтышкан.
Мэр ошол эле жерден тиешелүү кызматтарга бул маселени тез арада чечүүнү тапшырган.  26 -сентябрда Шаардык транспорт башкармалыгы маршрутту жарым -жартылай өзгөртүү менен №9 автобустун ишин жандандырды. Эми каттам «Тынчтык» конушу — Дордой базары — Дэн Сяопин көч. — Чүй — Тоголок Молдо — Саадаев — Киргизская көчөлөрү багытында каттайт» -деп жазылат.
Биринчи этапта линияда он бирдик автобус иштейт, бара -бара алардын саны 16 бирдикке көбөйтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622