7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

854

Мэрия шаардыктарды ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жыл сайын муздак сууну колдонуунун көлөмү жана керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Учурда шаар боюнча абоненттердин саны 270342 миңди түзөт. Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөр 263 286 миң абонентти түзгөн. Жылдык өсүш 7%ды түздү. Ошол эле учурда абоненттердин ичүүчү сууну пайдалануусу да өсүүдө.

ЖЭБди өчүрүү учурунда ичүүчү суунун чыгымы кыйла көбөйөт. Бул жагынан сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу маанилүү. Суу чектелген ресурс жана аны үнөмдүү пайдалануу чоң мааниге ээ экенин эстен чыгарбоо керек.

“Бишкексууканал” башкармалыгы абоненттерди суу ресурстарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

— Идиш жууп жатканда же тишиңизди жууп жатканда кранды өчүрүңүз. Крандагы тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедуралар учурунда кранды өчүрүү сууну бир топ үнөмдөөгө жардам берет.

— Кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаңыздын толук кубаттуулугун колдонуңуз. Бул аппараттарды кир кийимдердин же идиштердин толук комплекти менен иштетүү сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.

— Эгерде сиздин үйүңүздө же турак жайыңыздын айланасында суу агып жатса, аны оңдоо керек.

— Жашыл жерлерди сугаруу түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

855