7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы мектептерди оффлайн-режимге өткөрбөй турууну чечти

292

Бишкек мэриясы азырынча баш калаанын мектептериндеги айрым класстар менен бала бакчаларды кадимки режимдеги иш тартибине кайтарбай туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Мындай чечим социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жетектеген Эпидемияга жана эпизоотикага каршы шаардык комиссия эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзгөндөн кийин кабыл алынды. Чечимге ылайык, 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана мектептерге барып билим алышат.


Буга чейин мэрия бала бакчалардын ишин 20-январдан, мектептердеги бардык класстардын окуусун 1-февралдан тартып кадимки режимге өткөрүү планын билдирген.


Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана бала бакчалар 2020-жылдын март айынан тартып карантинге жабылган. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да онлайн системада окуу менен улантышкан. Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1,5,9,11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

293