7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясына 95 автобус менен 42 атайын техника берилди

10

Бүгүн, 12-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшыруу аземине катышты. Иш-чара №1 кампанын аймагында өттү.

«Бул коомдук транспортты жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Бишкек шаарынын мэриясынын ырааттуу ишинин алкагында шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Экологияны жакшыртуу максатында 17 миңден ашык дарак отургузулуп, жашыл аймактар кеңейтилди. Катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча заманбап экотехнологиялык завод өз ишин баштады. Балдар бакчалары жана мектептер, жер алдындагы өтмөктөр курулду, шаардыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул иштердин баары Бишкек мэриясы тарабынан системалуу жана максаттуу түрдө ишке ашырылууда», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Касымалиев ошондой эле муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантылаарын белгиледи. Ал шаардык кызматтардын кызматкерлерин жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдаланууга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чакырды.

11