7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

326

Бишкек шаарынын милициясы калаада абал туруктуу экенин, күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканын билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 17-18-май күндөрү чет өлкөлүк жарандар менен болгон окуяларга байланыштуу Бишкек гарнизонунун өздүк курамы 2,5 миңден ашуун элдик кошуундар менен бирге туруктуу негизде алдын алуу иштерди жүргүзүп коомдук тартипти жана жарандардын, чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун камсыз кылып жатканы айтылат.

«Азыркы учурда интернет мейкиндигинде жалган маалыматтар тарап жатат, бул биздин жарандардын арасында коомдук резонанс жаратат. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандарга карата күч колдонууга чакырган жалган маалыматтар аныкталса кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте 18-майга караган түнү пакистандык студенттер жашаган жатаканага кол салуу болуп, анда 30га жакын чет өлкөлүк студент жабыркаган. Учурда 14 адам дарыланууда.

18-майда окуядан жабыркаган 140 студент жана 40 чакты эмгек мигранты атайын рейс менен Пакистанга учуп кеткен. Учак Лахор шаарына барып конгон.

327