7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооруканадан 1 млн 600 миӊ сомдук УЗИ аппаратын уурдаган шектүү кармалды

530

Жалал-Абадда ооруканадан 1 млн 600 миӊ сомдук УЗИ аппаратын уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-май күнү саат 08:15 чамасында,  милицияга телефон чалуу болуп, анда И.Ч. аттуу жаран ошол эле күнү саат 08:10 чамасында Жалал-Абад областтык ооруканасынын жаш балдарды дарылоо бөлүмүндө жайгашкан УЗИ бөлмөсүнө жумушуна келип, эшигинин ачкычы бузук жана ачык экендигин көрүп, бөлмөсүндөгү  УЗИ (Чайсан) аппаратын белгисиз кылмышкерлер тарабынан уурдап кеткендигин билдирген.

Натыйжада Жалал-Абад областтык ооруканасынын жаш балдарды дарылоо бөлүмүнө 1 661 727 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Жогорудагы аталган маалымат ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, КЖКнын 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 1986-жылы туулган тургуну  А.А. кармалып, жанынан уурдалган далил буюмдар табылып алынган.

Ошондой эле, тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары кармалган жаран буга чейин бир нече жолу соттолгондугу жана уурулук фактысы менен издөөдө жүргөндүгү такталган. Ал Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 20 күнгө камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

 

531