«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек – Нарын багыты боюнча авиакаттамы 2026-жылдын 4-январынан тарта дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.
Билеттин баасы эми 2 100 сомду түзөт (мурда — 2 100–3 100 сом). Бул социалдык багыттагы дотациялык авиакаттамдар президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосунун жана саясий эркинин негизинде, аймактарды өнүктүрүү жана жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылды.
«Асман Эйрлайнс» компаниясынын жаңы авиарейстери тоолуу жолдор аркылуу узак жана татаал сапарларды алмаштырып, Нарын облусунун тургундары үчүн авиакаттамдарды жеткиликтүү кылат.
Авиакаттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышы туризмдин өнүгүшүнө жана аймактар аралык байланыштардын чыңдалышына өбөлгө түзөт. Ал эми билеттерди «Асман Эйрлайнс» колдонмосу аркылуу түз сатып алуу учууну тез жана ыңгайлуу каттоого, акча үнөмдөөгө жана кассалардагы кезектерден качууга мүмкүнчүлүк берет.



