9-мартта саат 20:30 чамасында Бишкек—Ош жолунун 282-чакырымында, Токтогул районунун аймагында жасалма номур тагылган айдоочунун унаасы токтотулуп, айып короого киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка караганда, Токтогул райондук ЖКККБнын кенже инспектору Б.Тентимишов Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Ж.М.нын башкаруусундагы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын жол эрежелерин бузгандыгы үчүн токтоткон.
«Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда аталган автоунаанын мамлекеттик белгиси жасалма экени аныкталган. Унаанын айдоочусу Грузиянын транзиттик номуру менен ушул номурга тиешелүү документтерин көрсөткөн. Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, толук кандуу текшерүү үчүн автоунаа атайын айып короого токтотулуп, ал эми айдоочу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди», — деди ал.