Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» стационардык постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө «Төө-Ашуу» ашуусундагы аба ырайынын шартына байланыштуу болгон.
Бишкек – Ош унаа жолунун 118-146 чакырымдарында жана Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк ашууларында кар жаап, түндөн баштап жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.