Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыкта 5 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 3-январь күнү саат 21:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында (Тел-Кайын тилкеси) “Honda Accord” жана “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
«Кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган (1990-жылы туулган, 2000-жылы туулган, 2001-жылы туулган, 1986-жылы туулган, 2004-жылы туулган). Жерине КР ӨКМнин куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу», — деп берилет маалыматта.