7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымына таш кулап, унаа жолго убактылуу чектөө киргизилди (сүрөт)

837

Бүгүн, 13-март күнү түнкү саат 02:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымына таш кулап, унаа жолго убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

«Кара-Көл шаары аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 416 чакырымында эки жерге чоң көлөмдүү таш түшкөндүгүнө байланыштуу азыркы учурда унаа жолго убактылуу чектөө киргизилди. Таштын көлөмү чоң болгондуктан азырынча алына элек», — деп билдиришти министрликтен.

Азыркы учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат.



838