Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмак шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Шайлоо Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 39, 58-беренелерине ылайык дайындалды.
Мыйзамда:
Бишкек, Ош жана Токмак шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалсын.
Министрлер кабинети аларды ишке ашыруу үчүн каражат бөлүп, БШК жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү керек.
Жарлык бүгүнтөн баштап күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыктары шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталгандыктан, ошондой эле административдик ресурстардын колдонулушунан улам жокко чыгарылган.