Бишкектин Биринчи Май райондук соту Elite house курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарды.
Маалыматка караганда, соттун чечими менен шектүүнүн ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.
Маалыматта шектүүнүн сырттан баш коргоо чарасы тандалып жатканда анын мөөнөтү аныкталбай турганы айтылат.
Эске салсак, Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.