7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош жолу кар көчкүдөн тазаланып, ачылды

290

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымына түшкөн кар көчкү атайын техникалардын жардамы менен тазаланып, жеңил унаалар үчүн жол ачылды.

Транспорт министрлигинен маалымдагандай, көчкүдөн 5 жеңил унаа чыгарылган, жабыркагандар жок.

Ал эми, Сосновка, Арал посторунда жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектɵɵлɵр дагы деле күчүндɵ.

Буга байланыштуу мекеме тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежесин сактоого чакырат.

291