7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол кырсыктын кесепетинен дарыяга 20 тонна бензин төгүлгөн

457

Кечээ, 21-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бишкек — Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп оодарылып кеткен.

Мындан улам жеринде атайын кызматтан өрт кырсыгын көзөмөлдөө иштерин алып барышты.

«Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна мунайзат (бензин) төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган»,- деп билдиришти ӨКМден.

Ошондой эле СЭС кызматынын 2 адиси Кара-Балта суусунун Талды-Булак жана Сосновка айыл аймагынын айылдарынын ичүүчү таза суу сактагычын убактылуу жабышкан. Себеби, жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн суунун курамын текшерүүгө экспертизага алып кетишкен.

458