Сосновка постунда саат 07:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.
Азыркы тапта Төө-Ашууда кар жаап жатат. Аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери тынымсыз уланууда.
Транспорт министрлиги кандай жагдай жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.