7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Абировго кылмыш иши козголду

1608

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматта, шаардык бюджеттин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалгалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Абиров тарабынан талкуусуз бекитилгени айтылат.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын жана Бишкек шаарынын мэринин бир айлык маянасы 120 000 сом жана 150 000 сомго көбөйтүлгөн.

Натыйжада шаардагы социалдык маселелерди чечүүгө жана инфраструктураны жакшыртуу багытына сарпталуучу бюджеттик каражаттар мыйзамсыз сарпталып, 2019-жылдан 2021-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта мамлекетке 214 581 700 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1609