7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы жолдорду текшерүүгө алды

359

Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдорду текшерүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-февралда Октябрь жана Ленин районундагы көчөлөр текшерилген.

«Ошондой эле Жайыл-Баатыр, Чортеков, Стадион, Жукеев-Пудовкин, Бектенов жана Сухэ-Батор көчөлөрүндөгү көйгөйлүү участоктор текшерилди« деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаздын алгачкы айынан тартып Кытайдын грантынын эсебинен «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабынын алкагындагы жолдорду калыбына келтирүү иштери башталат. Анда 15-мартта Сухе-Батор көчөсүндө Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин жана Ташкент, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин оңдоо иштери калыбына келтирилет.

Аталган долбоордун негизинде бардык даярдык иштери жүргүзүлүп, көчөлөрдүн жалпы санынын ичинен артыкчылыктуу көчөлөр аныкталды (60). Быйыл 43 көчө, 2022-жылы — 17 көчөнү оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

360