Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын жамааты, шаардагы мечиттерден топтолгон жардамдарды Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыр тарткандарга жеткирип берди. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз билдирди.
Маалыматка ылайык, 70 даана электр-газ меш, 20 муздаткыч Лейлек жана Баткен райондоруна жеткирилди. Алардын жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түздү.
«Урматтуу мекендештер. Сиздер жалгыз эмессиздер. Артыңыздарда бүтүндөй кыргыз эли турат. Баарыбыз кан жутуп, болгон окуяларга жүрөгүбүздөн сыздап турабыз. Бул окуяд бүтүндөй Кыргызстан эли бир муштумга биригип, ынтымагыбызды көрсөттүк. Ошол күндөрү сапар менен Нарында элем. Тээ алыс айылдарда да чын жүрөктөн жардам берели деп бирөөсү козусун, дагы бирөөсү эчки улагын берип берип жатышты. Сиздерге Аллах Таалам чек араны коргоп бергениңиздер үчүн албетте мекенге болгон кызматыңыздар үчүн чоң сыйлыктарын берет буюрса. Аман болунуздар», -деди Замир кары Ракиев.
Эскерте кетсек, бул жардам Бишкек казыятынын атынан келген үчүнчү жардам болуп эсептелет.