“Кыргызалтын” ААК канадалык Сenterra Gold Inc. компаниясынын аталган кыргызстандык ишкана тарабынан 12-майда 29 миллион доллардай которуулар боюнча айыптоосуна жооп берди. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-майда жана кийинки күндөрү эч кандай финансылык операциялар жүргүзүлгөн эмес.
“Ошондой эле, кыргызстандык ишкана жасалма төлөм документтер менен алектенбейт. “Кыргызалтын” ар дайым мыйзамды сыйлайт жана атагы чыккан, кадыр-баркы жогору баалаган акционердик коом болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, “Кыргызалтын” Сenterra Gold Inc. ишканасын мындан ары негизсиз айыптоолордон алыс болууну суранат.