Бүгүн 11-август Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун 30-сентябрга чейин абакта калтыруу чечимин күчүндө калтырылды.
Бул аралыкта шаардык соттун алдына Жээнбековдун тарапташтары чогулуп, үй камагына чыгарылышын талап кылып турушту.
Улуттук коопсуздук бонча мамлекеттик комитет (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган жана аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген.
Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.
Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.
Зулпукаровдун бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто азырынча карала элек.