Бүгүн, 11-августка караган түнү болжол менен саат 00:45 чамасында Жайыл районунун Степное айылында турак жай өрттөнүп, эркек кишинин өрттөнгөн денеси табылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кзыматы билдирген.
Көп өтпөй, Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кылмышка шектүү жаран кармалгандыгын кабарлады.
Маалыматка ылайык каза болгон 1972-жылы туулган Л.В. менен кылмышка шектүү 1977-жылы туулган Д.А. спитрт ичимдигин ичип, ортодо пикир келишпестиктен улам мушташа кетип бирөө каза болуп калган. Экинчиси кылмыш ишин жашыруу максатында үйдү өрттөп жиберген.
Үйдөн чыккан түтүндү байкап калышкан кошуналар каза болгон жаран менен шектүүнү үйдөн алып чыгып, ӨКМ, милицияга кабар беришет. Бул арада кылмышка шектүү ал жерден из жашырып кетүүгө үлгүргөн.
Алгачкы иликтөөлөргө ылайык кылмышка шектүү мурда соттолгон, учурда ага Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.