7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад: 400 бука багылып жаткан сарай өрттөнүп жатат

4127

Жалал-Абадда миңден ашык малга ылайыкташкан сарайда өрт чыкты. Тилсиз жоо калаанын Көк-Арт кичи шаарчасындагы сарайлардын биринде саат 11:00 чамасында орун алган. Ушул тапта Жалал-Абад шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн 5 бригадасы өрттү чектөөгө алып жатышат.

Аталган мал сарайдын ээси Маккамбай Дарбанов  7-каналдын аймактык кабарчысы Бүбүсара Орозалиевага  сарайда 400дөй бука болгонун айткан.  Андан сырткары  сарайдын жанында мал караган 5 үй-бүлө жашап жаткан.

«Бул сарайда 10 жылдан бери букаларды багып келебиз. Малды семирткенден кийин мал союлуучу жайга алып барып, этин калаадагы базарларга таратчубуз. Жалпы 800дөн ашык бука бар эле. Мурдагы күнү алардын жарымын жайлоого жеткиргенбиз. Короодо 400дөй бука калган. Аларды кароо үчүн 5 үй-бүлө ушул жерде жатып иштешчү. Өрт бүгүн саат 11:00 чамасында чыгыптыр. Менимче тилсиз жоо электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан болушу керек. Себеби, сарайдын чатырын толтуруп, миңден ашык малга ылайыктап чөп жыйган болчубуз. Азыр кышка камдаган чөп, сарайдын кампасындагы жемдин бири калбай күйүп кетти. Сарайдын чатырлары да жарактан чыкты. Эл-журт бар экен. Малдарды сарайдан убагында алып чыгышыптыр. Аларды караган 5 үй-бүлө да аман экен. Негизгиси адам өмүрү кыйылган жок», — дейт М.Дарбанов.

Өрт өчүрүүчүлөргө Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын унаасы да суу ташып берип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4128