Бүгүн, 11-август эртелеп Токтогул районунда дааратканага жаңы төрөлгөн наристе ташталып, куткаруучулар аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Түнтөн оой Жалал-Абад облустук милициясы наристенин апасы табылганын кабарлады.
Маалыматка ылайык жаңы төрөлгөн наристенин апасы 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну болгон. «Бишкек шаарынын жашоочусу 2003-жылы туулган А.К. 7-август күнү Токтогул шаарына келгендиги, окуя болгон жердеги үйдүн ээси А.Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан 10-август күнү келип, бир күн жатып, 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми куткарылган наристе учурда ооруканада, абалы оор деп айтылат.
Дааратканага ташталган жаңы төрөлгөн наристе аман-эсен куткарылды