7-ноябрда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтындагы маалыматта Бишкектеги абалга кооптуу деген баа берилип, муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи, Лахор, Израилдин Тель-Авив шаарларын артта калтырды.
Ал эми бүгүн, 8-ноябрда борбор калаа аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Индекс (AQI) азыр 261 деп турат.
Белгилей кетсек, жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, түтүн каптап, экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтышкан.
Эскерте кетсек, негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.