Сүлүктү шаардык соту мурунку аялын зордук-зомбулукка алган эркек кишини “Кыйноо” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Белгиленгендей, ал аялы менен ажырашып кеткен соң дагы жайына койгон эмес. Соңку ирет жабырлануучу жашаган үйгө барып, терезесин сындырып, ур-токмокко алган. Мурунку аялы башка эркектер менен жолугуп жүрөт деген жүйө менен үйүнө басып кирген.
“Соттук териштирүүдө шектүү бардык күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураган жана жеңил жаза өкүм кылууну суранат. Ал эми жабырлануучу ал күйөөсү экөөнүн ортосунда эки бала бар экенин айтат. Экөө эки жолго түшкөн соң күйөөсү ага тынчтык бербей келет. Ошол себептен жоопкерчилик тарттыруу максатында милицияга кайрылган. Жана ал сот мурунку күйөөсүн мыйзам боюнча жазалоосун суранды”, — деп жазылат өкүмдө.
Белгилей кетсек, сот отурумунда эркек кишиге эки жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.