Бишкек шаарынын 145 жылдыгын белгилөөнүн урматына борбор калаанын мэриясы тургундар жана коноктор үчүн майрамдык программа даярдады.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 29-апрелде саат 18.00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт уюштурулат.
Мындан тышкары, 27-28-апрель күндөрү концерттер жана башка бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлдү.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар борбор калаанын төрт районунда тең өткөрүлмөкчү.