7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кыргызстандын жүзү, мамлекеттин жүрөгү болгон Бишкек шаарын сүйө билели!»

417

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу ордо калаа тургундары! Кадырлуу меймандар!

Бүгүн жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештер кубана турган маанилүү күн – эгемендүү Кыргызстаныбыздын ордо калаасы Бишкек шаарынын күнү.

Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү, борбор калаабыздын 145 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борборубуз өлкөбүз эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий түрдө ээ болгону баарыбызга жакшы маалым.

Совет мезгилинде баш калаабыз баардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, “жашыл шаар” макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө “мрамор шаар” аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин дагы аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилеп айтып кетпесек болбос.

Ошентип 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды.

Ушу тапта Бишкек шаары Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарандарыбызды кайра-кайра келүүгө дегдеткен сүйүктүү шаары, аяк басып, астанасын аттаган меймандарды жайда салкын, кышта жылуу абасы менен арбаган жагымдуу жайы болуп калды.

Туулган жер ата-бабалардан калган олжо эмес, ал – биздин балдарыбызга өткөрүп бере турган ыйык карыз” деген акылман кепке кулак төшөй турган болсок, ата-бабаларыбыз бизге өткөргөн мурасты – туулган жерди, айрыкча, анын борбор шаары Бишкекти биз дагы кийинки муунга “жашыл шаар”, “мрамор шаар” бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз!

Мына ошондуктан, шаарыбыздын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани беришибиз абзел.

Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

Ошондой эле шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылууда. Ушундай ыргактан жазбай, кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын жүзү, мамлекеттин жүрөгү болгон Бишкек шаарынын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Ар бир кыргызстандыкты жаркын келечекке жетелеген, ой-тилектерин ишке ашырууга дем берген, баарын кучагын жая тосуп алган борбор калаабызды сүйө билели, сүрөй билели!

Борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошулуп, күндөн күнгө кулпура берсин!»-деди өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

418