7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-майдан тарта электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет

491

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын энергетика тармагы опурталдуу чекке жакындап, биз эки татаал тандоонун алдында турдук – электр энергиясынын баасын көтөрүү же тармак кандай кыйроого учурап жатканын көрүү. Чындыгында, эгерде мамлекеттик бюджеттен түз каржылоо болбогондо, республикада электр жарыгы эбак эле өчүрүлмөк, анткени электр энергиясына болгон азыркы тарифтер көп жылдардан бери электр станцияларын, трансформатордук көмөкчордондорду жана бөлүштүрүүчү тармактарды кармоого жана оңдоого кеткен чыгымдарды жаппай келет.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев: «Көптөн бери тармак таптакыр токтоп калбасын деп бюджеттен акча бөлүнүп келе жатат. Бирок, субсидиялоо башка тармактарды каржылоону кыскартуунун эсебинен болуп жатат. Тарифти көтөрүү аркылуу гана өкмөт башка тармактан акча тартпайт деген жыйынтыкка келебиз. Тарифти жасалма жол менен ооздуктоо боюнча популисттик аракеттер пенсияларды, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, мектеп, бала бакчаларды курууга жана башка максаттарга жумшала турган каражатты алууга туура келди», — деп белгилейт.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө энергетика тармагына дотация жок. Тарифтердин көтөрүлүшү, жадакалса бул тууралуу сөз кылуу Кыргызстанда туруксуздукка шылтоо болуп, социалдык нааразычылыкты курчутуп келгени чындык. Мунун аркасында бийлик алмашуу болду. Ошентип, энергетика тармагы кандайдыр бир деңгээлде чоң саясий популизмдин символу болуп калды. Буга чейинки президенттердин баары бийликте калуу үчүн эле бул тармакты субсидиялап келишкен. Ошол эле учурда өнүктүрүүгө дээрлик акча бөлүнгөн эмес.

Мындай алысты көрө албастыктын кейиштүү натыйжасын үч ай мурун Кыргызстанда түнкү суук -20 градустан төмөн болуп, узакка созулган суук түшкөндө баарыбыз баштан өткөргөнбүз. Электр энергиясын керектөө өндүрүштөн ашты, ашыкча жүктөлгөн тармактар ​​өчүрүлдү, жабдуулар иштен чыкты. Эгер ошондо жарык өчүп калса, анда бүт өлкө таш доорундагыдай караңгылыкка кептелмек.

Саясат таануучу жана коомдук ишмер Замир Абдыкадыров тарифтердин көтөрүү маселеси эбак эле бышып-жетилгенин айтат. «1-майдан тарта калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер 20%дан бир аз жогору көтөрүлөт. Бир караганда, бул сан олуттуу. Бирок Кыргызстанда 1 кВт саат ушул убакка чейин 77 тыйындан сатылып жатканын эске алганда бул анчалык коркунучтуу эмес. Эми ар бирине 1 сомдон төлөйбүз, бул калк үчүн таптакыр адекваттуу чыгым. Ошол эле учурда калктын аз камсыз болгон катмары үчүн атайын социалдык тариф сакталып, лимиттен ашыкча керектөөнүн баасы өзгөрбөй турганын унутпайлы.

Тарифтер көтөрүлгөндөн кийин борборлоштурулган жылытуу жана газ менен камсыздалган көп кабаттуу үйдө жашаган үй-бүлө айына орточо эсеп менен 50-60 сом электр энергиясы үчүн кымбат төлөйт. Айрыкча азыр маселе жалпы энергетика тармагынын аман калышына байланыштуу болуп жатканда мен мунун көйгөйүн көрбөй турам. Эгерде биз бул тармакты жоготсок, анда баары кыйроого учурайт», — дейт эксперт.

Абдыкадыровдун айтымында, дагы бир жакшы жагы, бийлик бөлүштүрүүчү компания түрүндөгү ортомчуларды жоюуга киришти. «Ошентип, коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Электр энергиясын генерациялоочу станциялардан карапайым керектөөчүлөргө кайра сатуу схемаларын өздөрү курган жеке фирмалар ар кандай мыйзам бузуулар орун алган кошумча звено болгон. Эми алар болбойт, бул баардык төлөмдөр, анын ичинде лимиттен ашыкча керектөө үчүн да түздөн-түз энергетика тармагына кетет дегенди билдирет.

Тармакты жаңылоо жана өнүктүрүү керек. Демек, калк үчүн 1 кВт саатка 1 сом төлөө көйгөй жаратпайт. Анын үстүнө азыр ар бир адам энергетикалык мүмкүнчүлүктү түзүү боюнча системалуу иштерди көрүп жатат. Генератордук станциялар оңдолуп жатат. Чакан жана орто ГЭСтер курулуп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жакында башталуу алдында турат. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстанды энергетикалык коопсуздук менен камсыз кылып, экономикалык бурулуштун таяныч пунктуна айланат”, — дейт Замир Абдыкадыров.

Эксперттер Кыргызстан белгиленген өнүгүү траекториясына жетип, энергетика тармагы ички керектөөлөрдү толук канааттандырып гана тим болбостон, жакынкы келечекте генерацияны коңшу мамлекеттерге электр энергиясын экспорттоого мүмкүндүк бере турган деңгээлге жеткире аларын белгилешет. Борбордук Азиядагы энергетикалык камсыздоо бүтүндөй аймактын мындан аркы экономикалык өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан маселе.

Булак: «Кабар» МАБ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

492