7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында өспүрүм бала 16-кабаттагы балкондон түшүп кетип каза болду

1105

Кечээ, 20-май болжол менен саат 11:00дө Бишкек шаарынын Исанов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Бай-Таш» турак үйүнүн 16-кабатынан өспүрүм бала түшүп кетип, жеринде мерт кетти. Бул маалыматты Биринчи-Май РИИБинин басма сөз кызматы тастыктайт.

Окуянын күбөлөрү, маркум 2006-жылы туулган  А.Р. түшкөн жеринде каза болгонун айтышкан.

Бул факт Биринчи май РИИБинде кылмышдын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Биринчи май РИИБнин маалымат кызматы, окуянын келип чыгуу себеби тактала электигин билдирди.  (Тагыраагы факт катталгандыгын бүгүн тастыктап, азырынча башка маалымат жок, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу деген шылтоосун айтты.)

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1106