Бишкек турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунда турак үйдүн 25 чарчы метр жыгач полу жана үй тиричилик эмеректери күйгөн. Күйгөн үйдүн ичинен 40-45 жаштагы (аты жөнү такталууда) үй ээсинин сөөгү табылган.
Өрттүн себеби такталууда.