Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында олтурган саясатчы Равшан Жээнбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоого алды. Ал бир мандаттуу система боюнча №16 Ленин шайлоо округунан аттанган. Маалыматты БШКнын маалымат кызматы тастыктады.
Бирок, Жээнбеков абакта жатып шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөөрү белгисиз бойдон калууда.
Равшан Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча кылмыш ишинде фигурант катары 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.
Адвокат Замир Жоошев 25-октябрдагы сот отурумунда «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып жаткан төрт адам парламенттик шайлоого талапкер катары бараткандыктан сот отурумдарын шайлоо бүткөнчө токтото турууну суранган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.