7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда айрым көчөлөр жабык

175

Жолдун түзүмүн жакшыртуу максатында оңдоп түзөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунда айрым көчөлөр жабык. Бул тууралуу ЖКККББ айдоочуларга эскертет.

Алар :

-Жибек-Жолу көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин түштүк тарабы жабылып, түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.

-Жаш Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин батыш тарабы жабылып, чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл жүргүзүлөт;

-Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин убактылуу жабык.

Ошондой эле Чүй облусунун аймагында:

-Бишкек-Кант жол тилкеси, түндүк тарабы жабылып, түштүк тарабы убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулууда;

-Лебединовка-ГЭС 5, “Алма-Ата-Бишкек- Ташкент” (айланма жолунда) ондоп түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде унаа каражатына чектөөлөр киргизилген жок.

176