7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарындагы маршуттук таксиден дагы ири көлөмдө акча акча уурдалды

610

Бишкек шаарындагы маршруттук таксинин жүргүнчүсүнүн капчыгын уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«2020-жылдын 6-январында М.Б. аттуу жаран ошол эле күнү саат 21:00 чамасында маршруттук таксиден 21 миң сом өлчөмүндө накталай акча салынган капчыкты уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Издөө иш-чараларынын алкагында уурдоого шектелип 1987-жылы төрөлгөн К.А аттуу жаран кармалды», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда аталган жарандын дагы башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611