7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри иштен кетип, ордуна Жамалбек Ырсалиев келди

1367

Бишкек шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Жамалбек Ырсалиев дайындалды.  Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Алмаз Бакетаевдин ээлеген кызмат ордун бошотуусуна башка жумушка которулгандыгы себеп болгондугу айтылууда.

Биринчи вице-мэр Бишкек шаарынын турак жай коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөйт. Жамалбек Ырсалиев буга чейин вице-мэр болчу.

Мындан сырткары, мэриянын экономика жана финансы тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэрлик кызматка Максат Сазыкулов дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда департамент жетекчиси болуп эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1368