Бишкек шаардык мэриясынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.
Алмаз Бакетаевдин ээлеген кызмат ордун бошотуусуна башка жумушка которулгандыгы себеп болгондугу айтылууда.
Биринчи вице-мэр Бишкек шаарынын турак жай коммуналдык чарба тармагын көзөмөлдөйт. Жамалбек Ырсалиев буга чейин вице-мэр болчу.
Мындан сырткары, мэриянын экономика жана финансы тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэрлик кызматка Максат Сазыкулов дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунда департамент жетекчиси болуп эмгектенген.
Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койгон.