Нарын облусунда эртең жаңы инфекциялык оорукананын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, объект толугу менен бүткөн жана жакынкы убакытта бейтаптарды кабыл алууга даяр.
Эске сала кетсек, оорукананын курулушу 2020-жылдын август айында башталган. Медициналык мекеме 70 орунга ылайыкташтырылган. Оорукана Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында жайгашкан.