7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго каршы митинг өтүүдө

279

Бүгүн, 10-февралда дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновго каршы митинг өтүүдө.

Мэриянын имаратынын алдында ондогон жаран чогулуп, борбор калаанын башына жаш жана коррупцияга малынбаган жетекчи келсин деген талаптарын айтууда. Тактап айтканда, алар Руслан Тагаев деген жаранды мэр болууга татыктуу деп эсептешет. Алардын айтымында, жаңы дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу да коррупциялык чууларга катыштыгы бар.

Белгилей кетсек, кечээ 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевге байланыштуу бир катар доолор бар экенин айтып, мындай адам мэрликке татыктуу эмес деген пикирин жазып чыккан. Бүгүн өкмөт башчы Нургазиев тууралуу буйругун жокко чыгарып, анын ордуна Бактыбек Кудайбергеновду дайындаган.

Бактыбек Кудайбергенов мурун Чүй облусунун губернатору болуп иштеген. Учурда 59 жашта. Буга чейин шаарга тиешелүү жерди мыйзамсыз менчиктеп, турак-үй салганы үчүн мэрия аны сотко берген. Ошондой эле Кудайбергенов өткөн жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен барган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

280