Бишкек мэриясы шаардыктардын батирлерине, ошондой эле социалдык жана башка мекемелерге качан жылуулук бериле баштаарын билдирди.
Мэриядан эскертишкендей, күз-кыш мезгилине (ОЗП) даярдык көрүү жана жылуулук берүү чечими абанын күндүзгү орточо температурасы +8 градустан төмөн көрсөткүчтө беш күн катары менен сакталганда шаардык штаб тарабынан кабыл алынат.
Белгилей кетсек, объектилерди кошуу бир нече күнгө созулат:
Биринчи кезекте ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйү жана социалдык коргоо мекемелери;
Экинчи кезекте турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелер (объекттин кышкы шарттарга даярдыгы тууралуу актысы болгон учурда) кошулат.
Эске салсак, 2024 жана 2025-жылдары жылуулук октябрь айынын экинчи жарымында берилген.



