Концерттин башталышы болжол менен 40 мүнөткө кечикти, бирок күтүү таасирдүү көрсөтүүгө алмашты. Чоң экрандарда ырчы кумдан жаралып жаткандай көрүнгөн видео көрсөтүлдү. Андан соң ырчы көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, фан-зонадагы элдин арасынан түз басып өттү.
Биринчи болуп «La Fuerte» композициясы угулду. Андан соң артист кыргыз жана орус тилдеринде элге кайрылды.
Ырчы «Салам, Бишкек!» – деп көрүүчүлөр менен саламдашты.
Стадион катуу кыйкырыктар менен жооп кайтарды. Шакира видеопроекциялар, бийлер жана сахналык образдарды тынымсыз алмаштыруу менен масштабдуу шоу даярдаган.
Алгачкы композициядан кийин эле ырчы кийимин алмаштырууга үлгүрдү. Анын кийимдеринин бири концерт учурунда эле көйнөктөн купальникке айланды. Аба ырайынын салкынына карабай, артист ачык костюмдар менен чыгып, бийдин темпин түшүргөн жок. Концерт учурунда ар жылдардагы хиттер жаңырды. Алардын арасында — «La Fuerte», «Te Felicito», «Don’t Bother», «Can’t Remember to Forget You», «Hips Don’t Lie» жана «Acróstico».

«Can’t Remember to Forget You» композициясы Шакиранын Рианна менен биргеликте жасаган эмгеги катары белгилүү. Бишкекте ырчы аны барбадостук артисттин бэк-вокалы сакталган фонограмма астында аткарды.
Программада «Acróstico» балладасы өзгөчө орунду ээледи. Бул ырга Шакира корсеттен жана жыйналган фактурасы бар көлөмдүү юбкадан турган алтын түстөгү кийимчен чыкты. Ыр певицанын уулдары — Милан менен Сашого арналган. Композициянын аталышы саптын биринчи тамгалары сөздү же атын түзгөн адабий ыкма — акростихке шилтеме берет. Ырдын текстинде балдардын аттары жашырылган. Жаздырууда ошондой эле анын уулдарынын үнү да угулат.
Энергиялуу бий номерлеринин фонунда бул композиция концерттин эң лирикалык учурларынын бири болуп калды. Кеченин эң жаркын эпизоддорунун бири 2010-жылы Түштүк Африка Республикасында өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий ыры болгон «Waka Waka (This Time for Africa)» ырын аткаруу болду. Шакира бул композицияны түштүк африкалык «Freshlyground» тобу менен бирге жаздырган.

Бишкекте бул ырды көрүүчүлөр коштоп кетти. Стадион Шакира менен бирге ырдап, аткарууну чоң хорго айлантты. Коомчулук артисттин башка белгилүү композицияларына, анын ичинде «Hips Don’t Lie» ырына да абдан активдүү реакция кылды. Концерттин аяктоо бөлүгүндө аргентиналык продюсер Bizarrap менен бирге жазылган «Bzrp Music Sessions, Vol. 53» композициясы угулду. Бул ыр Жерар Пике менен айрылышуу темасына арналган тексти менен кеңири таанылган.
Финалдык номерлер учурунда Шакира кайрадан көрүүчүлөргө жакындады. Жакын жерде болгон күйөрмандар артистти телефондоруна тартып, фонго сүрөткө түшүштү.

Көрүүчүлөр менен коштошуп жатып, ырчы: «Gracias, Kyrgyzstan» — «Рахмат, Кыргызстан» деп айтты.
Ошентип Шакиранын Борбор Азиядагы биринчи концерти жыйынтыкталды. Бишкек артисттин 33 өлкөдөн келген күйөрмандарынын жолугушуу жери болуп калды.


Шакира Бишкекте өткөн концертинен кийин күйөрмандарына жана шаарга ыраазычылыгын билдирди!



