Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесин инженердик жактан жабдуу аяктады. Ошол эле учурда чек араны демаркациялоо иштери уланып жатат жана жыйынтыктоочу баскычында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
2025-жылы Баткен жана Лейлек райондорунда 149,6 чакырым чек ара тосмолору орнотулган. 2026-жылдын 2-мартынан 16-сентябрына чейин дагы 178,1 чакырым курулду. Ошентип, эки жылдын ичинде тосмолордун жалпы узундугу 327,7 чакырымды түздү.
Мындан тышкары, бул райондордо 338,5 чакырым талаа жолдору иретке келтирилди: 171,2 чакырымы — өткөн жылы жана дагы 167,4 чакырымы — 2026-жылы.
Жумуштар түздүктөрдө, тоолуу жана бийик тоолуу тилкелерде, анын ичинде барууга кыйын болгон аймактарда жүргүзүлдү. Курулуш учурунда рельефтин өзгөчөлүктөрү жана мамлекеттик чек аранын өтүү шарттары эске алынды.
«Чек араны инженердик жактан жабдуу жана аны демаркациялоо — эки башка процесс. Учурда жеринде чек ара сызыгын белгилеген чек ара мамычаларын орнотуу уланууда. Демаркация аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттер аралык документтер таризделет», — деп түшүндүрүштү Чек ара кызматынан.
Жумуштарга Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринен тышкары Коргоо министрлигинин, ӨКМдин, ИИМдин жана Мамлекеттик бажы кызматынын бөлүмдөрү катышты.
«Мамлекеттик органдардын макулдашылган өз ара аракеттенүүсүнүн аркасында ири масштабдагы инженердик иштерди, анын ичинде чек аранын эң татаал жана барууга кыйын аймактарында камсыз кылуу мүмкүн болду. Курулуштун бардык мезгилинде орнотулуп жаткан тосмолордун сапатына жана техникалык талаптардын сакталышына контролдук жүргүзүлдү», — деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.
Эске салсак,2025-жылдын 13-мартында Кыргызстан менен Таджикистандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон мамлекеттик чек ара жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Документ талаштуу чек ара тилкелери боюнча көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болду.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1 миң 6,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталса, дагы 486,94 чакырымы акыркы жылдардагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашылган. Чек ара сызыгын аныктоодо тараптар 1991-жылдагы документтерди жетекчиликке алышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алар өз ара жеңилдиктерге барышкан.



